ԭ

БААУ/ БААУ ЖӨНҮНДӨ/ БААУ жаңылыктары

БААУнун окутуучусунун изилдөөсү “Scientific Reports” журналына жарыяланды

4&Բ;августа&Բ;2026

2026-жылдын жылдын 20-июлунда «Scientific Reports» (Nature Portfolio басмаканасы) эл аралык илимий журналына Борбордук Азиядагы Америка университетинин (БААУ) “Антропология” департаментинин деканы Аида Абдыканованын Батыш Мичиган университетинин (АКШ) жана Вена университетиний (Австрия) изилдөөчүлөрү менен биргеликте жазган макаласы () жарык көрдү. деп аталган макала Балыкчы шаарына жакын жайгашкан Боз-Бармак сак көрүстөнүн (биздин заманга чейинки IV-II кк.) генетикалык изилдөөгө арналган.

Жергиликтүү сак элитасынын некрополунун басымдуу бөлүгүнө биринчи жолу комплекстүү талдоо жүргүзүлдү. Байыркы ДНКны изилдөө көмүлгөн айрым адамдардын ортосундагы туугандык байланыштарды көрсөтүп, ошондой эле сак коомунун социалдык түзүлүшүнө жаңыча көз караш менен кароого мүмкүндүк берди.

Өзгөчө кызыктуусу, изилденген эркектердин бардыгы бир Y-хромосомалык гаплогруппага таандык болсо, ал эми аялдар ар кандай митохондриалдык гаплогруппаларга киргендиги аныкталды. Бул эркек тараптын уруулук линиясынын сакталгандыгын жана коомдун патрилокалдык (эркектин журтунда жашоо) түзүлүшүн айгинелейт. Муну менен бирге, некрополдо аялдар менен эркектердин санынын тең болушу сак элитасында аялдардын социалдык статусу жогору болгонун көрсөтүп турат.

Бул изилдөө археология, физикалык антропология жана палеогенетика усулдарын айкалыштыруунун негизинде мүмкүн болду жана Борбордук Азиядагы байыркы көчмөндөрдүн тарыхын изилдөө үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

<< Назад к списку