ԭ

БААУ/ БААУ ЖӨНҮНДӨ/ БААУ жаңылыктары

Америкалык диплом жана чет өлкөдө билим алуу

23&Բ;июля&Բ;2026

БААУ - Борбордук Азиядагы студенттерине окууну аяктагандан кийин бир эле учурда эки диплом алууну сунуш кылган алгачкы университет:

  • Бард колледжи менен өнөктөштүктө АКШда аккредитацияланган гуманитардык илимдер программалары боюнча даража;
  • Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим жана инновациялар министрлиги тарабынан аккредитацияланган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик үлгүдөгү диплому.

Аннандейл-на-Гудзоне шаарында (Нью-Йорк штаты, АКШ) жайгашкан Бард колледжи 150 жылдан ашык убакыттан бери гуманитардык билим берүү тармагындагы алдыңкы университеттердин бири болуп саналат. Анын билим берүү ыкмасы студенттерге салттуу академиялык окуунун алкагынан чыгууга, сын көз-карашта ой жүгүртүүсүн өстүрүүгө жана кеңири чөйрөдөгү билимдерге ээ болууга жардам берет.

БААУ менен Бард колледжинин ортосундагы өнөктөштүк 2009-жылы башталган. 2011-жылдан тарта БААУнун бакалавриат программаларынын студенттери Бард колледжи тарабынан аккредитацияланган дипломдорду ала башташкан. Эки университеттин кызматташтыгы гуманитардык билим берүүнү өнүктүрүүгө, окуу программаларын өркүндөтүүгө, биргелешкен изилдөө долбоорлорун ишке ашырууга, ошондой эле студенттер, окутуучулар жана кызматкерлер үчүн академиялык алмашууларды уюштурууга багытталган.
БААУнун студенттери үчүн эл аралык мүмкүнчүлүктөр кош диплом программасы менен гана чектелбейт. Университет дүйнөнүн 24төн ашык өлкөсүндө 70тен ашык алмашуу программаларын сунуштайт. Студенттер Нью-Йорктон Токиого чейин, Түштүк Кореядан Норвегияга чейинки өнөктөш университеттерде билим алып, башка билим берүү системасы менен тааныша алышат жана баалуу эл аралык тажрыйбага ээ боло алышат. Алмашуу программаларынын катышуучулары жол кире жана жатакана чыгымдарын жабууга жардам берген же ай сайын каржылык колдоо көрсөтүүнү караган ар кандай гранттарга да кайрыла алышат.

БААУнун ар кайсы өлкөлөрдүн университеттери менен болгон өнөктөштүк программалары студенттерге өздөрүнүн академиялык жана кесиптик чөйрөсүн кеңейтүүгө, жаңы билимдерди жана көндүмдөрдү алууга, ошондой эле эл аралык тажрыйбага ээ болууга мүмкүнчүлүк берет.

<< Назад к списку